Ошто акыркы коӊгуроо салтанаты тынч өттү. Видео

Ош шаарында акыркы коңгуроо салтанатында эч кандай кырсык окуялар болгон жок. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, бул күндөрү келечек ээлеринин коопсуздугу үчүн милиция, билим берүү кызматкерлери мүмкүнчүлүгүнүн болушунча кызмат кылышты.

“Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги бул күнү кызмат өтөшкөн милиция кызматкерлерине, ошондой эле, алдын алуу иш чараларын жүргүзүшүп, түшүндүрүү иштерине активдүү катышкан массалык маалымат каражаттарына дагы ыраазычылык билдирди. Мугалимдер, журналисттер, милиционерлер жана ата-энелердин биргелешкен иш аракетинен улам акыркы коӊгуроо салтанаттарын жакшы өткөрүп алдык. Буюрса, биздин бүтүрүүчүлөрүбүз аттестаттарын колго алып, мектеп уясынан учуп кеткиче ушундай тартипте иш алып барылат”-деди ал.

Быйыл Ош шаары боюнча жалпы 6413 окуучу мектепти аяктап жатат. Алардын ичинен 1727си 11-классты бүтүрүшсө калган 4686 окуучу 9-классты аякташты. Ушул тапта, жалпысынан калаада 77 мамлекеттик жана жеке менчик мектеп бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген