Ошто акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат. Фото

Бүгүн Ош шаарында “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат. Келечек ээлери болгон жаштардын майрамына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да ортоктош болуп, бүтүрүүчүлөрдү куттукташты.

Салтанатта сөзгө чыккан бийлик өкүлдөрү, өлкөнүн өнүгүп өсүүсүнө жаштардын салым зор экенин белгилешип, келечекте туура кесип тандап, өз ишинин мыктысы болууга чакырышты.

Бул жылы Ош шаары боюнча жалпы 6413 окуучу мектепти аяктап жатат. Алардын ичинен 1727си 11-классты бүтүрүшсө калган 4686 окуучу 9-классты аякташты.

Ушул тапта, жалпысынан калаада 77 мамлекеттик жана жеке менчик мектеп бар.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген