Ошто акыркы коңгуроо аземинде коопсуздук катуу көзөмөлдөнөт

Ошто акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча жыйын болду.Жыйында мэрия тараптан тиешелүү жетекчилерге 25-26-май күндөрү мектептерде коомдук коопсуздукту камсыз кылууда иш-аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү шаардагы бардык мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде акыркы коңгуроо учурунда коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөйт. Ал эми, 25-26-май күндөрү жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү шаардын чет жерлеринде жайгашкан эс алуу жайларына барган унааларды да көзөмөлдөйт.

Мындан сырткары, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге акыркы коңгуроого акча чогултууга жана окуучуларга бул күндү көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынат. Ал күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт.

Ошондой эле билим берүү башкармалыгынын бөлүмдөрүндө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген