Ошто айыл чарба азыктарын чиритпей сактоочу борбор ачылат. Видео

Ош облусунун  Мады айылында 20 миң тонналык логистикалык борбор ачылат. Аны курууга өкмөт ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу “Ынтымакка” айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кытайдын Сьян-Зу провинциясынын ишкерлери жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Эгерде максат ишке ашса түштүк аймагында азык түлүктү чиритпей көпкө сактоого болот. Бул дыйкандарды ашыкча чыгашадан сактаары бышык.

Курулуш үчүн  мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 155 гектар жер бөлүнгөн. Эми  кайракы айдоо жерди өнөр-жай курулуш категориясына өткөрүү маселеси өкмөттө турат. Ал чечилсе, түштүк аймагындагы айыл-чарба продукциясын сактап, бир эле Евразия Экономикалык биримдигине эмес, Кытайга  экспорттоого да мүмкүнчүлүк жаралат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген