Ошто айрым үйлөргө жылуулук толук жетпей жатат. Видео

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук толук түрдө жетпей жатат. Бул тууралуу шаардагы “Манас-Ата” кичи районунун жашоочулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары жылуулук толук берилбей жаткандыктан электр мештерин колдонуп жатышат. Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан №22б үйүнүн жашоочулары үйлөрүндө жылуулук дээрлик жок экендигин айтышты.

Ал эми Ош шаардык жылуулук электр борбору техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кээ бир үйлөр ысыбай жаткандыгын маалымдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген