Ошто айнегин караңгылаткан автоунааларга рейд өтүүдө. Видео

Ош облусунда автоунаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды аныктоо боюнча рейд уланып жатат. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККББ маалымат кызматы билдирди.

Рейд Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу өтүүдө. Анткени 1-январдан тарта күчүнө кирген Эреже бузуулар боюнча кодекске ылайык, маңдайкы терезелерин караңгылатып алгандарга чараны Транспорт министрлиги көрөт.

Буга чейин бул милдет ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында болчу.

Эми текшерүү милдети ИИМге кайтарылганга чейин Транспорт министрлиги милиция менен чогуу мыйзам бузгандарды аныктап турат.

Бул тартипти бузгандар айыпка жыгылаары айтылганы менен акыркы күндөрү айнегин караңгылаткан айдоочудардын саны арбыган.

Рейд Ош облусунун аймагында уланып, терезеси караңгылатылган ар бир унаа токтотулууда. Аларга жеринен протокол түзүлүп, айып пулду бир ай аралыгында төлөө керек экендиги, аны менен катар караңгылатылган желимдерди алып салуу эскертилүүдө. Мыйзамга каршы иштеген айдоочуларга протокол гана түзүлүп,  бир күндө 3 ирет кармалса 3 жолу айып пул салына берет.

Мындай рейддер күн сайын улантылат. Ал үчүн атайын адистер бөлүнүп, күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген