Ошто аймактык кеңештерди кыскартуу долбоору иштелип жатат

Ош шаарында аймактык кеңештерди кыскартуу долбоору сунушталууда. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мэриясынын аймактык кеңештер боюнча координатору Бердигул Султанов билдирди.

Маалыматка ылайык долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу комиссиясынын кароосунан өткөн.

Алдыда бюджет жана мыйзам боюнча туруктуу комиссиядан өтүү керек.

Андан соң, шаардык кеңештин сессиясында кароо үчүн жөнөтүлөт. Долбоор колдоо тапса аймактык кеңештер “Муниципалдык аймактык башкармалык” болуп өзгөртүлөт.

“ Учурда 12 аймактык кеңеш болсо  аларды бири-бирине кошуп алтоо калат. Азыр аймактагы кеңештерде 3 гана адис иштесе, сунушталып жаткан долбоордо 9 кызматкер иштеп калат. Алар муниципалдык кызматкер болуп, атайын кадр кызматынан сынактан өтүп ишке кабыл алынат. Аны менен бирге эле, кадрга болгон талаптар күчөп, айлык акы дагы жогорулайт. Тейлөө сапат да жакшырат”,- дейт Бердигул Султанов.

Белгилей кетсек, аймактык кеңештерди  кыскарып өзгөртүү долбооруна кварталдык комитеттер кирбейт.

Учурда Ош шаарында 12 аймактык кеңеш жана 84 кварталык комитет бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген