Ошто аймактык башкармалыктарга желим бөтөлкө салуучу урналар тапшырылды

Бүгүн, 11-декабрь күнү “Кызыл Ай” коому тарабынан Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарына желим бөтөлкө салуучу атайын урналарлар тапшырылды.

Жалпысынан 30 даана желим бөтөлкө салуучу урналар Сулайман-Тоо, Амир Темур, Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыктарына бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, эс алуучу жайларга, калк жыш жайгашкан аймактарга да орнотулган.

Урналарды тапшыруу иш-чарасына вице-мэр Асылбек Топчубаев, Кыргызстандын Кызыл Ай Коомунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Сабиров жана өкүлдөрү, ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын Жарандык коргоону бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исмаилов, аймактык башкармалыктардын төрага, төрайымдары катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев бул иш-аракеттер шаардын көркүнө жана тазалыгына кам көрүү экендигин билдирип, ыраазычылык сөзүн айтты.

Ал эми Кыргызстандын Кызыл Ай Коомунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Сабиров “Ош шаарынын аймактык башкармалыктарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү” долбоорунун алкагында урналарды орун алып жаткандыгын билдирип, айлана-чөйрөгө кам көрүү багытында, шаар үчүн белек катары берилгендигин кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген