Ошто адам сатуу фактысынын алдын алуу аракеттери жүргүзүлүп жатат

2013-2016-жылдар аралыгында өлкөдө адам сатуу фактысы боюнча 400дөн ашуун кылмыш иши козголгон. Соңку 2 жылда көрсөткүч төмөндөгөн менен терс көрүнүштүн алдын алуу аракеттерин күчөтүү зарылчылыгы турат. Буга байланыштуу  Ош шаарында адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңеш түзүлмөй болду. 

Кеңешме өкмөтүнүн өткөн жылы чыккан адам сатууга каршы программасы  жана 2005-жылы чыккан мыйзамдын негизинде иш алып барат.  Анда тиешелүү тараптар менен биргеликте калк арасында тушүндүрүү иштери жүрүгүзүлүп, мониторинг чыгарылат. Буга чейин жер жерлерде кулчулукка кабылгандардын алдын алууга иш чаралары бириктирилип, атайын план түзүлөт. Аны болсо  координациялык кеңеш көзөмөлгө алат.

“Башка өлкөлөргө иш издеп баргандар адам сатууга туш болуп жатат. Акыркы 25 жыл ичинде адам сатуунун түрлөрү көбөйдү десек болот. Ошолордун дагы да өнүгүп кетүүсүнүн алдын алып, учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”,- деди Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова.

Координациялык кеңештин курамына кирген мамлекеттик ишканалар адам сатуунун алдын алуу үчүн башка мамлекеттер менен да иш алып барышат.  Анткени статистика   кулчулукка кабылуу  себебин ички жана сырткы миграция  түрткү болгонун аныктаган.

Буга чейин иш издеп барып кулчулукка кабылган жарандар коңшү Казакстан жана Орусия мамлекеттеринде көп катталып келсе, жаш кыздарды алдап алып барып, денесин сатууга үгүттөө Туркия жана Арабия өлкөлөрүндө көп болгон. Аны менен катар жаш балдарды, алардын дене мүчөлөрүн европага экспорттогон фактылар да аныкталган. Эми ушундай терс көрүнүштөрдү координациялык кеңеш тыкыр көзөмөлдөйт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген