Ошто адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

7-март күнү криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иш чаралардын жүрүшүндө уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош облусунун Өзгөн жашоочусу КРдин жараны 1982-жылы туулган Д.А., Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Аталган жаран 2019-жылдын 26-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылынын тургуну 1986-жылы туулган Э.Ж., аттуу жаранды уруп  90 000 миң сом акчасын тартып алып койгон.

Бул факт 2019-жылдын 6-февралында Өзгөн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин ЖКнин 201-берененин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

2017-жылдын 30-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарынын “Люблино” метросунун жанында жайгашкан “Алмаз” кафесинен Кыргыз Республикасынын жарандары Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары 1980-жылы туулган М.М., жана 1980-жылы туулган Ж.И., аттуу жарандарды уурдап кетишип, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз дененлери табылган. Бул факт боюнча шектүү катары Д.А.,карата 2018-жылдын 3-январында Россия Федерациясынын Башкы тергөө органы тарабынан РФнын Жазык кодексинин 105-беренеде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча издөө жарияланган. Учурда кылмышка шектүү жаран Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген