Ошто абынын температурасы +8 градусту түзгөндө жылуулук бериле баштайт

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөр менен социалдык объектилерге абанын температурасы 6-7 күн катары менен + 8 градусту түзгөндө жылуулук берилет. Күндүн табы белгиленген көрсөткүчкө жеткенде шаардык мэрия тарабынан буйрук чыгып, анын негизинде жылуулук берүү башталат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык жылуулук электр борборунун жетекчиси Анарбек Аттокуров билдирди.

Азыркы тапта мекеме кышка карата даярдык көрүп жатат. Жалпы быйылкы күз жана кышкы сезонго карата 10 миллион куб жаратылыш газы жана 18 миң тонна мазут керек болот. Учурда ишканада 2800 тонна мазуд бар. Калганы график боюнча толукталып турат.

Ош шаардык жылуулук электр борбору калаадагы 305 көп кабаттуу үйдү, 100дөн ашык социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздайт. Калган 243 көп кабаттуу, 145 жеке менчик үйлөр менен социалдык мекемелерди “Жылуулуккамсыздоо” ишканасы тейлейт.

Өткөн жылы социалдык обьектилерге 19-октябрдан, ал эми көп кабатуу үйлөргө андан эки күндөн кийин жылуулук берилген.

Ушул  тапта Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12-13, күндүз 28-30 градус жылуу болуп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген