Ошто абоненттерден газ үчүн айып пулдарды эсептен чыгаруу акциясы башталды

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында “Газпром Кыргызстан” компаниясы калк үчүн айыптарды эсептен чыгаруу боюнча акция жарыялады. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, эгерде үй чарбасынын абоненти (калк) газ үчүн болгон негизги карызын төлөсө, анда айдын аягында пайыздар боюнча чегерилген карыз эсептен чыгарылат. Акциянын мөөнөтү чектелген.

Акция коммерциялык жана бюджеттик керектөөчүлөргө жайылтылбайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.