Ошто 9 миң адам катышкан жөө жүрүш өттү

Ошто миңдеген адамдардын катышуусунда жөө жүрүш өттү. Ал өлкөдө болуп жаткан экстремизм жана терроризмдин алдын алууга багытталган. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, орто мектеп окуучулары, атайын жана жогорку окуу жайлардын студенттери, активдүү жаштар жана аймактык кеңештердин жашоочулары, мугалимдер, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.  

Алар экстремизм жана терроризмге каршы жасалган плакаттарды көтөрүп, улуттар аралык мамилени чыңдоо урааны менен чыгышты.

Бирок, жаштарды окуу маалында жөө жүрушкө үндөгөн уюштуруу тобу коомчулуктун сынына кабылды. Аны окуу жай кызматкерлери, коомдук активисттер интернет айдыңынагы өз баракчаларына жазып чыгышты. Алардын айтымында:

“Оштогу ар бир ЖОЖ 1000 студент, шаардык билим берүү башкармалыгынан 1000 окуучу, шаардагы мекеме-ишканалардын жамааты терроризмге каршыбыз деп көчөгө чыксын” деген мэриядан тапшырма келгенин билдиришти.

Коомдук активист Абайнур Большевиков: “Келген студент, окуучулар эмнеге келип кеткенин деле түшүнбөй калды, шаар бийлиги мындан башка жолдорун издеп табуу керек” деген пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал эми шаар бийлигинин өкүлдөрү сын айткан тараптын маалыматын төгүндөдү.  Вице-мэр Асылбек Топчубаев студенттер менен окуучулар, жөө жүрүшкө өз каалосу менен келишти деп билдирди.

Канткен күндө да жөө жүрүш өттү. Ал эми коомдук активисттер зар какшап жазганы менен, шаар бийлиги күнөөсүн моюндаган жок. Эскерте кетсек буга чейин да шаар бийлиги миңдеген студенттерди жумалап окуусунан калтырып, даталуу күндөрдү өткөрүүгө карата даярдап жатканы сынга алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген