Ошто 9-класстан кийин окууну таштагандардын саны 40%га жетти

Кыргызстанда 9-классты бутүрүп окубай калган жаштар 40%ды түзөт. Бул коомдук бирикмелердин алып барган изилдөөлөрүүнүн натыйжасында айтылган.
Маалыматтарга ылайык, орто мектепти толук аяктабагандар өлкөнун түштүгүндө басымдуулук кылат.

Ош облусунун Өзгөн районунун Касымалы Рысбаев орто мектебинде өткөн жылы 66 окуучу тогузунчу классты бүткөн болсо, алардын 25и гана 10-класска окууга келген. Калган 41 окуучу ар кандай себептер менен орто билим алууну уланткан эмес.

Өзгөн районунда акыркы эки жылда 9-10-11-класстардын окуу тенденциясы кескин түрдө өсүп жатат. Райондо 2016-2017 жылда 3122 окуучу 9-классты бүтүргөн. Алардын ичинен 10 класска 1766 окуучу гана кайткан.

Кыргызстандын билим берүү мыйзамына ылайык, мектептерде 10-11-класста окуу милдеттүү эмес. Бирок өспүрүмдөр үй-бүлөдөгү шарт, сациалдык абалга карап билим алуусун 9-классты аяктаган соң токтотуп жатат дейт адистер.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген