Ошто 9 кабаттуу ипотекалык үйдүн курулушу боюнча тендер жарыяланды

Ош шаарында ипотекалык негизде берилүүчү 9 кабаттуу турак жай куруу боюнча тендер жарыяланды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мериясынын алдында түзүлгөн Турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция, инновациялык технологиялар фондунун директору Кутманаалы Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, тогуз кабатуу турак жай 80 батирге ылайыкталып салынат. Анда бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлер болот.

“Курулуш боюнча тендер жарыяланды. Эми тендердин жыйынтыгы менен курулуш иштери 20 күндүн ичинде белгилүү болот. Курулуш мамлекеттик дирекциясы Ош шаарында курган үйлөрдөн түшкөн акча каражатынын эсебинен салынат.
”-деди ал.

Көп кабаттуу үй Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнө 28 сотых жерге курулат. Үй алуучуларга 6 пайыздык үстөк менен 12 жылга берилет деп айтылган маалыматта.

Ошто ипотекалык үйдүн курулушу апрель айында башталат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген