Ошто 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болду

Бүгүн, 27-октябрда Ош облусундагы 9 ай аралыгында аткарылган жумуштар жана алдыда ишке ашырылуучу пландарды талкуулаган коллегиялык жыйын өттү.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басарлары, район акимдери, айыл өкмөт башчылары жана облустагы мекеме жетекчилери катышты.

Коллегиялык жыйында 2021-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен Ош облусунун аймагында аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берилди.

Коллегиялык жыйында каралган маселелер:

  • Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын III кварталынын жыйынтыгы жана 2021-жылдын IV кварталына милдеттер жөнүндө;
  • Ош облусунун калкын, облусунун калкын, облустун аймагындагы мекеме ишканалардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарын көрүү боюнча;
  • “Ошэлектронун” жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.