Ошто дарыгерлер 8 айлык баланын өпкөсүндөгү ийнени операциясыз алышты

Кечээ, 8-мартта Ош областтар аралык балдардын клиникалык ооруканасында сегиз айлык баланын өпкөсүнө такалып калган 3 см ийнени операциясыз алышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, наристе жутуп алган ийне өпкөсүнө барып такалып калган. Ошондуктан абалы кыйындап, дем алуусу оорлошкон.

Дарыгерлер ийнени бронхоскопия аппараты аркылуу алышкан. Учурда баланын абалы канааттандырарлык.

Мекеменин директору Кыялбек Ташполотов, балдарды дарылоо үчүн заманбап жаңы технологиялар менен оорукананы камсыз кылуу жагы жолго коюлуп жаткандыгын баса белгилеп, балдарды ар кандай кырсыкка кабылтпоо улуулардын милдети экендигин айтты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген