Ошто 7 миңден ашуун бала 1-класска барды

15 -сентябрда Ош шаарында мектептерде Билим күнү белгиленди. Майрамдык иш -чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн жаңы окуу жылы, республиканын бардык мектептеринде окуу салттуу билим берүүдөн башталат. Бул күнү мектепте алгачкы кадамдарын таштаган жаштар өзгөчө майрамдык маанайды баштан кечиришет. Окуунун ар бир күнүн текке кетирбеңиз, татыктуу билим алууга умтулуңуз жана жашоого бекем пайдубал түзүңүз », – деди А.Мамбетов.

2021-2022-жылдын 15-сентябрына карата Ошто жалпы 7 369 окуучу электрондук кезек аркылуу 1-класска кабыл алынган.

Мамлекеттик жана жеке менчик мектептерге кабыл алынган окуучулардын так саны 2021 -жылдын 20 -сентябрына чейин аныкталат.

Шаарда 3 миң 277 мугалим 77 миң 832 окуучуга билим берет.

Мамлекеттик мектептердеги окуучулардын саны 7 2250, ал эми жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны 5 582.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.