Ошто 5 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болду

Ошто 5 жашар кыз сууга агып каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 15-июлда саат 17:00 чамасында катталган.

“5 жаштагы кыз таенеси менен Ошко келген. Ал каналдын жээгинде ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Наристенин ата-энеси ажырашып кеткендиктен, ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан”, – деп билдирет басма сөз кызматы.

Ош ШИИБнин малымат катчсы кошумчалагандай, Ош шаардык милициясы Ош шаарынын тургундарын жана конокторун сууга түшүүдѳ коопсуздук чараларын кѳрүүгѳ чакырып келет. Тилекке каршы ата-энелердин, жакындардын шалаакылыгынан улам сууга түшүү сезонунда балдардын сууга чѳгүп каза болгон 3 учуру катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген