Ошто мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөр менен тосмолор алынды

Ошто 1 жарым айдын ичинде мыйзамсыз 24 соода түйүн, 200 метрден ашык тосмолор алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамсыз тосмолор менен соода түйүндөр 1-августтан башталган рейддин алкагында алыкталган.

” Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз 24 даана соода түйүн, 5 контейнер, 6 автоунаа гаражы, узундугу жалпы 200 метрди түзгөн жеңил типтеги тосмолор, капиталдык курулуштагы узундугу 50 метрден ашуун тосмолор, 6 навес, 3 даана капиталдык курулуш, 18 даана мангал, 7 тандыр жана 2 бут кийим оңдоочу жай алынды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары тил мыйзамдарына жооп бербеген 121 дубалга илинген жарнактар, 48 жарнак тактайчалыр жа жок кылынган. Белгилей кетсек,  рейдге шаар мэри Таалайбек Сарыбашов өзү катышып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген