Ошто 4-кабаттан секирген эненин ымыркайынын абалы оор

4-кабаттан энеси менен бирге кулаган наристенин абалы оор. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ушул тапта ымыркайдын  абалы дагы деле болсо оор бойдон калууда. Дарыгерлер баланын өмүрүн сактап калууга аракет жасап жатышат.

“Энеси менен бирге 4-кабаттан кулаган ымыркайга операция жасалды. Ошентсе да баланын ден-соолугу оор болуп жатат. Дарыгерлер наристени сактап калууга колдон келген аракеттерин көрүшүүдө. Апасы да операцияга даярдалып жатат. Анын жамбаш сөөгү сынган. Азырынча аялдын абалы жакшы.”,-дейт дарыгерлер.

Эске салсак,  окуя  6-сентябрда кечке жуук Черемушки кичирайонунда болгон. Андан соң,  тергөө иштеринин натыйжасында жабырлануучу жолдошу менен Чүй облусунда жашаганы белгилүү болгон. Келин 2 баласын кайненесине таштап, колундагы ымыркайы менен Оштогу бир тууган эжесинин үйүндө жашап жаткан. Айрым күбөлөрдүн айтымында, келин спирттик ичимдик ичип жүргөнүнөн улам жолдошу менен пикир келишпестиктерге барган. Окуя болгон күнү да анын мас абалда экени аныкталган. Кийин аялга «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси боюнча кылмыш  иш ачылды.

Сүрөт: Т-Медиа

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген