Ошто 4 баланы жолбун ит тиштеди

Ошто 4 өспүрүмдү жолбун ит каап, ооруканага түштү. Учурда балдардын абалы жакшы. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облустук балдар ооруканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 28-май күнү болгон. Ооруканага келип түшкөндөрдүн баарына кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлдү.

“Бизге түшкөн балдардын экөөсү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын тургундары. Аларды короодогу ит каап алган. Ал эми учүнчү баланы жарамазан айтып жүргөн убакта Манас-Ата кичи шаарчасында жолбун ит тиштеген. Мындан сырткары 6 жаштагы өспүрүм кызды да көчөдөгү жолбун ит капкан.”,-деди дарыгер.

Ошто жолбун иттер көбөйүп, адамдарга кол салуу учурлары көп катталууда. Алсак, 2018-жылдын июнь айында кутурган ит 4 адамды тиштеп, жабырлануучулардын бирөөсү каза болгон эле.

Кутурган ит каза болгон баладан башка дагы 3 адамды тиштеген

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген