Ошто 32 жаштагы жаран 4-кабаттан боюн таштады

Ошто 32 жаштагы жигит 4 кабаттан боюн таштады. Анын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалап жатат.

Окуя, 20-июнь күнү саат 23:28 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан №276 үйүндө болгон. Батирин тургуну 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран 4-кабаттан секирип 1-кабаттагы чатырга кулап түшүп, бутун кокустатып алган.

Жабыркаган жаранды куткаруучулар тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда ооруканада дарыланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген