Ошто 3 жашар баланы жеңеси сабап каза болду

Ош шаарында 3 жашар бала катуу сабалып, алган жараатынын кесепетинен ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Окуя, 10-январь күнү болгон.  Ош облустук балдар ооруканасына болжол менен саат 15:00 чамасында 2016-жылы туулган  бөбөк жеткирилген.  Дарыгерлердин текшерүүсүнөн соң, бала ооруканага чейин эле каза болуп калгандыгы аныкталган.

Ош ШИИБнын атайын ыкчам иликтѳѳ тобу тарабынан соттук медициналык экспертиза дайындалып, натыйжада наристенин бетинде, башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жараты бар экендиги аныкталган.

Тиешелүү кызмат  тарабынан, бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы, 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына сийип алгандыгы үчүн чымчып, буттарына уруп жүргѳндүгүн айткан. Аялдын айткандарын күйөөсү тастыктап, аялы тарибялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан.

Учурда, бул факты боюнча иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту (Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген