Ошто 22 жаштагы кыз 37 жаштагы эркектин өлүмүнө шектелип кармалды

2021-жылдын 28-сентябрь күнү саат 02:55те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Анда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө орун алган «Кенч» кафесинин алдындагы аянтта азиат улутундагы, жашы болжол менен 35-40 курактагы Мирбек аттуу бала сол бутунан белгисиз миздүү нерседен алгантжаракаты менен түшкөнү айтылган.

Аталган ооруканага ыкчам тергөө тобу барган кезде жабырлануучу алган жараатынан улам каза болуп калгандыгы аныкталган.

“Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлгөн учурда Ш.Мга таандык кызык-кочкул түстөгү тактар бар экени аныкталы. Ал кылмыш болгон убакта үстүндө кийип турган кызыл-кочкул тактары бар абалдагы ак түстүү футболкасы, көк түстүү джинсы шымы жана ак түстөгү бут кийими далил катары алынган”.

“Каза болгон Ш.Мнын жансыз денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы сырттан кароо жүргүзүү учурунда, анын бутунун өйдөңкү ички бөлүгүндө бир даана сайылып кесилген жаракаты аныкталып, анын каза болуусунун себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган”.

“Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында  күбө катары каза болгон Ш.Мнын жанында болгон досу жана окуяга күбө болушкан атуулдар  суралышып, 28-сентябрь күнү саат 02:50дө маркум Ш.М менен «Кенч» кафесинде олтурушкан С.Р(кыз) жана  Р.А (кыз) менен өз ара сөз талашып уруша кетишип, кафеден сыртка чыгышып С.Р спирт ичимдигин ичкен мас абалда Ш.М нын бутуна колундагы бүктөмө бычагы менен бир жолу уруп жибергени аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 22 жаштагы С.Р аттуу тургуну кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.