Ошто 2 жаштагы кызын көчөгө таштап кеткен эне кармалды

Ош шаарында кызын түндөсү көчөгө таштап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош ШИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган жаран бүгүн, 20-январда Ош шаарынан кармалган. Ал Баткен облусунун 28 жаштагы Р.Р аттуу жараны болгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Алгачкы сурак иштеринде ал “мас болуп уктап калганымда кызым кетип калыптыр” деп түшүндүрмө берген.

Эске салсак, өткөн жылдын 29-декабрь күнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан түнкү саат 1:30 чамасында эки жаштагы кыз табылган. Аны шаардык тез жардам кызматынын кызматкерлери таап, милицияга кабарлашкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген