Ошто 17 жаштагы кыз асынып алды

Ош шаарында 17 жаштагы кыз спорт аянтчасынын горизонталдык темирлерине асылып калган жеринен табылды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, окуя 20-июндан 21-июнга караган түнү таңкы саат 3тө катталган.

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин биринин спорт аянтчасынын горизонталдык устунга асылып калган 2004-жылы туулган Б.Бнын сөөгү табылды.

Бул факт бирдиктүү реестрге катталды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

“Маркум кыздын ата-энеси соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты”, деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.