Ошто 17 мектептин алдында балдардын эс алуу аянтчалары ачылат

Ош шаарында 1-июндан баштап 17 билим берүү мекемесинин базасында балдардын эс алуусу үчүн атайын аянтчалар ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаардын вице-мэри Эмил Шадыханов башында турган Ош шаарынын мэриясынын эпидемияга каршы комиссиясынын штабынын отурумунда кабыл алынганы белгилүү болду.

Мектептеги балдар ойноочу аянтчалар күндүзгү убакытта гана иштейт. СЭС адистери ар бир мекемеде болушат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.