Ошто 17 ишкананын кызматкерлери убактылуу иштебейт. Тизме

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы шаар аймагында “Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал” режими учурунда өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуучу мэриянын аймактык жана түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн тизмесин жарыялады.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Тизме

  • Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгы
  • Борбордук базар;
  • “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасы;
    Муниципалдык менчик башкармалыгы;
  • Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы;
  • Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти;
  • Мэриянын муниципалдык ипотекалык ишканасы;
  • Шаардык борборлоштурулган китепкана;
  • Шаардык дене тарбия жана спорт комитети;
  • А. Сүйүнбаев атындагы шаардык стадион;
  • Мэриянын жаштар иштери боюнча комитет;
  • “Боорукердик” үй интернаты;
  • Шаардык согуштун жана эмгектин ардагерлер уюму;
  • “Сулайман тоо” волейболдук клубу;
  • Шаардык мэриянын алдындагы көп тармактуу үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору;
  • Жылуулук ишканасы;
  • Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги.

Америка коронавируска каршы күрөшкө 2 триллион доллар бөлдү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген