Ошто 14 жашар өспүрүм менингиттен көз жумду

19-майда Ош облустар аралык балдар ооруканасында 14 жаштагы өспүрүм менингиттен улам көз жумган. Бирок дарыгерлер маркум менингиттин  жугуштуу түрүнө кабылган эмес деген маалыматты таратты.

Маркум Мухаммед Юсуф  Кара-Суунун Жийделик айылынын тургуну эле. 14-майда ал өзүн жаман сезип жатканын  чоң атасына айткан. Чоң атасы Кабылжан Кадиров алгач баланы Нариман аймагындагы ооруканага алып барган.

 “Түшкө маал болсо керек эле,  ичим ооруп атат , тамактан ууланып калдым окшойт деди. Мен  аны өзүбүздүн айыл өкмөттөгү ооруканага алып бардым. Ал жердеги дарыгерлер бөйрөгүнөн деп дары-үкөл жазып берди. Ак халатчандардын айтканын жасадык,  бирок оору басылган жок. Анан Ош облустар аралык балдар ооруканасына алып бардым”,-дейт чоң атасы.

Бала ооруканада эки күн  дарыланган. Андан кийин дарыгерлер башына операция жасашмак болгон. Бирок кандайдыр себептер менен операция жасалбай калган.

“Облустук ооруканада эки күн дарылангандан кийин  башына операция жасайбыз дешти, мен макул болдум. Бирок жасашкан жок. Ошол күндүн эртеси  эрте менен эле каза болуп калды. Мурда-кийин неберем  башым оруду же жыгылдым деп бир да жолу айткан эмес.  Тиши бир-эки ай мурда бир аз шишип калганын көрүп ооруп жатабы, ооруканга алып барайын десем, ооруган жок деп айтты. Андан кийин ал оорусун деле байкаган жокмун. Жакшына эле жүргөн”,-деп кошумчалайт маркумдун чоң атасы Кабылжан Кадиров.

Өспүрүмдүн чоң энеси менен апасы  баласын  менингиттен улам каза болгонун айтып,  диагноз коюлган кагазын көрсөтүштү. Бирок дарыгерлер колунан келишинче аракет кылганы менен  сактай албай калышканын билдиришти.

Ал эми бала өзүн жаман сезип түшкөн облустук балдар ооруканасы  операция жасалбай калганын анын улам эс-учун жоготуп жатканы менен түшүндүрүштү.

 “Бул бала башынан жаракат алган болушу мүмкүн. Аны байкабай жүрө берген же ооруса да өтүштүрүп жиберген.  Ошондуктан баланын дене табы өтө жогору көтөрүлүп, башы ооруп, эс- учун жоготуп турган. Биз эки күн колубуздан келгенин жасадык.  Башына операция жасалмак болгон,бирок аны көтөрө албайт болчу. Ошондуктан жасалган жок”,-дейт облустук балдар ооруканасынын өкүлдөрү.

Күн мурун интернетте Кыргызстанда эки бала менингиттен көз жумган деген маалымат тараган. Кийинчерээк саламаттыкты сактоо министрлигини өкүлдөрү бул билдирүү жалган маалымат деп төгүндөгөн.

Ал эми дарыгерлер менингиттин көп түрү жана ага алып келүүчү  көп  жагдайлар бар экенин  айтышат.

Мухаммед Юсуфту өлүмгө алып келгени менингит дарты  тиш оорунун өтүшүп кетишинен же мурда баштан алган жаракатынан улам өрчүгөн  деп божомолдошот.

  • Менингитте мээнин чел кабыгына доо кетет.
  • Биринчи түрү – кулак оорусунун, гаймориттин, бронхиттин менингитке өтүп кетүүсү. Ушул оорулары барлардын иммунитети түшүп кеткенде менингитке айланат.
  • Жугуштуу түрү – адамдан адамга жугат.
  • Инфекциялык, башкача айтканда менингококк инфекциясынан пайда болгон түрү – ал адам көп, ысык, нымдуу жерлерде жугат.
  • Дене табы көтөрүлөт, кусат, баш катуу ооруйт.
  • Чоңдор башын аркага кылкысы келет.
  • Балдар да чалкалай беришет.

Менингит көпчүлүк өлкөлөрдө кездешет. Кыргызстанда болсо, былтыркы  жылдын 6 айында 32 адам катталган болсо 2018-жылдын беш айында республикада 12 кишиге жеткен.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген