Ошто 120 орунду бала бакчанын курулушу башталды. Фото

Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи районунда 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Алгачкы капсула салууга шаар башчысы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шардык мэриясынан кабарлашты.

Курулушка жергиликтүү бюджеттен 23 млн сомдон ашуун каражат каралган.
“Бүгүн экинчи бала бакчанын курулушуна капсула салдык. Жакында Жапалак айыл аймактык башкармалыгына жана Ак-Тилек кичи районуна бала бакчанын курулушун баштайбыз. Быйыл Амир-Темир жана Юго-Восток кичи районундагы бала бакчалардын курулушу бүткөрүлөт. Биздин негизги милдет шаарда бала бакчалардын санын көбөйтүү”,-деди калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов.
Ал кошумчалагандай, быйылкы жылдын эсебинен 4 бала бакчанын курулушу башталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген