Ошто 12-кабаттан кулаган кыз каза тапты

Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 12-кабатынан кулаган 21 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз Кадамжай районунун тургуну, учурда Ош шаарындагы орто окуу жайларынын биринде 2-курста окуп жаткан.

Окуянын себептери иликтенүүдө, тиешелүү күбөлөр суралууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.