Ошто 1 жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды

Ошто 1 жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 6-июль күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну 1967-жылы туулган М.С. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Туугандары өз алдынча издешкенде, жоголгон жарандын бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында Кара-Суу райондук ӨКБдан 20 куткаруучу тартылган. Натыйжада маркумдун жансыз денеси суудан табылган. Куткаруучулар жансыз денени туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.