ОшМУнун студенттери жана ата-энелер окуу жайдын жетекчилигине нааразы

ОшМУнун медицина факультетинин студенттери жана ата-энелер жаңы окуу келишимине нааразы. Бул тууралуу ата-энелер бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

2017-жылдын 11-декабрында кабыл алынган токтомго ылайык, 2 жылдык ординатура 3 жылдан 5 жылга чейин узарып, билим берүү системасы 11 жылга жетиши керек. Өкмөттүн бул чечими студенттердин жана ата-энелердин нааразычылыгын ойготту.

Ата-энелердин айтымында, кабыл алынган токтом бир жыл бою талкууга коюлуп, ата-энелердин жана студенттердин макул же каршы экендиги менен эсептелиши керек эле.

“Биз каршыбыз. Мындай болоорун билгенде бул факультетке тапшыртмак эмесмин баламды. Кабыл алынган токтом жөнүндө кечээ жакында эле уктук. Ошондон бери уйку жок”,- дейт ата-эне.

Элүү чамалуу ата-эне жана  жүзгө жакын студент катышкан тегерек столдо да ата-энелерге сөз берилбегендигин айтышат.

 “Ата-энелер саналуу гана болдук. Анткени студенттерге ата-энеңер келбесин деп тыюу салыныптыр. Бизге эч сөз берилген жок, оюбузду угушкан жок. Ал гана эмес, экзамен учурун ойлогула деген сыяктуу коркутуу- үркүтүүчү сөздөр да айтылып жатыптыр. Балдарыбыз мамлекеттик экзамендерин тапшырып бүтмөйүнчө биз медфакттын алдынан эч жакка кетпейбиз”,- дешет ата-энелер.

Ал эми окуу жайдын жетекчилиги жана медицина тармагынын өкүлдөрү окуунун мөөнөтү өкмөттүн токтомунун негизинде өзгөртүлүп жаткандыгын билдирди.

“Бул өкмөттүн чечими. Андан тышкары узартылган мөөнөт окуу жайдын бардык студенттерине тиешелүү эмес. Дарылоо адистигине ээ болуучулар менен гана байланыштуу”,- деди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.

Аталган окуу жайда буга чейин советтер союзунда түзүлгөн программа боюнча, 8 жыл билим берилип келген. Эми окуу жай ичинде эл аралык стандартка жооп бере турган Швейцария программасы киргизилип, анда жалпы 11 жыл билим алууга туура келет.

Жаңы келишим медицина кызматкерлеринин айрымдары тарабынан колдоо тапканга жетишти.

“6 жылдык эски программабыз эл аралык байланыштарда жетишсиз болуп калды. Ошондуктан, киргизиле турган жаңы программаны мен колдойм. Болгону бул системага акырындык менен киришибиз керек. Анткени жаңы өзгөрүүгө даяр эмеспиз”,- дейт Судмедэкспертизанын Ош облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек Мамадыев.

Студенттер коюп жаткан маселени өкмөт менен Саламаттыкты сактоо министрлиги чечет. Андыктан, окуу жайдын жетекчилиги тиешелүү тарапка окуу мөөнөтүнүн узартылышы боюнча сунуштама жөнөтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген