ОшМУ Азиада чемпиону болгон студентти келишим акыдан бошотту

Азия оюндарында 2 медаль тагынган ОшМУнун студентине акчалай сыйлык тапшырылып, контракт төлөөдөн бошотулду.

2-октябрда ОшМУнун жамааты жана студенттер Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында 2 медаль тагынган Алтынай Мамарасул кызын салтанаттуу тосуп алышты.

Окуу жайдын ректору Каныбек Исаков ОшМУнун студенти менен сыймыктана тургандыгын айтып, Алтынайдай кызды чоңойтуп, өстүргөн ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Исаков жалпы ОшМУнун жамаатынын атынан 25 миң сом акчалай сыйлык тапшырып, контракт төлөөдөн бошотулганын айтты.

Алтынай Мамарасул кызы педагогика жана дене тарбия факультетинде окуйт. Ал  Ашхабадда өткөн Азия оюндарында аялдар арасында алыш күрөшү боюнча мелдеште алтын жана күмүш медалга жетишкен.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz