Ошко Өзбекстандан ишкерлер келди

Бүгүн, 24-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Мухтор Умаров баштаган Өзбекстан Республикасынын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрүн кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коңшу мамлекеттен жыйынга депутаттар, жеке ишкерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болуп 20га жакын делегат келген. Ошондой эле, Кыргызстандагы “Датка Холдинг” корпорациясынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун алкагында мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов ишкерлерге шарт түзүп берүүгө жана кызматташууга Ош шаарынын мэриясы ар дайым кызыктар экендигин билдирди.

“Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара кагаз жүзүндө калбаш керек. Мындан ары тынымсыз бири бирибиз менен кызматташып, эки мамлекеттин экономикалык багытын жогорулатууга салым кошолу. Реалдуу кадамдарга барып, долбоорлорду ишке ашыралы”, -деди А.Мамбетов.

Аталган иш-чара президенттин инвестиция тартуу боюнча тапшырмасынын алкагында жүрүп жатат.

Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрү, 25-августка чейин Оштогу ишкерлер менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.