Ошко түрк тилдүү жети мамлекеттин акындары келди

Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов баштаган түрк тилдүү мамлекеттерден келген акындар менен жолугушту.

Калаа башчысы “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” салтанатынын ачылышы жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, жыл ичи түрдүү эл аралык иш-чаралар өтө турганын билдирди.

Ал кошумчалагандай, Ош шаарында азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын поэзия кечеси өтөт.

Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Македония, Казакстан, Якутия, Башкыртстандан акындары келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген