Ошко Түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрү чогулду

“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталгандан кийин, Ош шаарын дүйнөгө таанытуу аракеттеринин бири – түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн катышуусундагы иш-чаралар болуп калмакчы.

Анын алкагында Ош шаарына Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Түркмөнстан, Венгрия, Якутия, Башкортостан, Азербажан, Өзбекстан сыяктуу 10го жакын мамлекеттин чыгармачыл инсандары келишти. Аларды Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин башында турган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тосуп алышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, сүрөтчүлөр “Байыркы Ош – 21 кылымдын сүрөтчүлөрүнүн көзү менен” деп аталган Эл аралык пленэрге катышышат. Мында белгилүү сүрөтчүлөр Ош шаарынын жай мезгилиндеги кооздугун тартышып, өздөрүнүн эмгектерин калтырып кетишет.

Түрк дүйнөсүнүн акындары Ош шаарына чогулат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген