Ошко “Синофарм” вакцинасы келди

Ош шаарына коронавирус инфекциясына каршы “Синофарм” вакцинасы жеткирилди. Жалпысынан биринчи этаптын алкагында 50 миң доза жеткирилген, аларды Ош шаарындагы эмдөө пункттарынын арасында жана 85 миң доза – Ош облусуна бөлүштүрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, вакцинаны кабул алуу иш чарасына Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-гигиеналык борборунун башчысы Санталат Орозбаева катышты.

Бардык вакцина эмдөө пункттарына таратылат.

Жалпысынан, жеткирүүнүн үч этабынын алкагында Ош шаарына 110 миң доза вакцина, ал эми Ош облусуна 175 миң доза вакцина жеткирилет. Ошондой эле, вакцина менен кошо тиешелүү сандагы баракчалар, анкеталар, бекитүү бланктары, карточкалар алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.