Ошко памирлик кыргыздардын балдары эс алууга келишет

Бүгүн, 26-май жана эртең, 27-май күндөрү, Ош шаарында Алай районундагы Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздардын балдары  үчүн атайын экскурсия уюштурулат. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чара бүгүн, саат 11:30да Ош шаарындагы Алымбек Датка этнографиялык комплексинде башталат. Балдар эки күн Сулайман-Тоо, музей, эс алуу багы, куурчак театры, зоопаркка саякатташат.Ошондой эле балдар Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушат.

Экскурсиянын программасы:

  • “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси менен таанышуу.
  • Сулайман Тоого саякат,
  • ОУДТда куурчак театры.

27-май:

  • Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы менен таанышуу жана таланттуу балдардын катышуусунда концерт.
  • Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына саякат
  • Өкмөттүн Оштогу өкүлү менен жолугушуу.

Эске салсак, буга чейин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов памирлик кыргыздарга паспорт тапшырууга барганда 7 жаштагы Хусейнге экскурсия уюштурууну убада кылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.