Ошко Орусиядан 29 педагог келди

Орусиялык мугалимдер Ош шаарындагы мектептерге кайтып келишти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн илим жана маданият борборунан маалым болду.

Анда айтылгандай, педагогдор делегациясы ушул жумада гуманитардык долбоордун алкагында келишти.

Буга чейин долбоордун старт алышы менен Ошко 17 мугалим келсе, быйыл 29 адис иштеп баштайт.

Белгилей кетсек, педагогдор жыл башында эле мектептерге бөлүштүрүлгөн, бирок эпидемиологиялык кырдаалдан улам Орусияда туруп, аралыктан окутуп жатышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.