Ошко эртең жылуулук бериле баштайт

15-ноябрдан тарта Ош шаарына жылуулук берилмей болду. Бул тууралуу мэрияныны басма сөз кызматы кабарлады.

Алгач шаардын социалдык объектилерине – бала бакча, ооруканалар, мектеп жана башкалар, андан соң турак үйлөргө жылуулук жеткирилет.

Тийиштүү кызматтар көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына жылытуу системаларын текшерүү боюнча түшүндүрүү иштерин баштады.

Эреже боюнча аба температурасы беш күн бою 8 градуста кармалса, жылуулук бериле баштайт. Азыр сыртта 14-15 градус жылуу. Бирок бала бакчалар жана ооруканалардын администрациялары  бөлмөлөр суук болуп, бөбөктөр менен бейтаптар кыйналып жатканын айтып, тиешелүү жактарга кайрылууларды жолдошкон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген