Ошко эхинококкозду кан аркылуу аныктаган кымбат жабдык алып келишти

Эхинококкоз көп жылдарга чейин билинбеген дарт болуп, тез аныктоого шарт жок эле. Эми ИФА (иммуноферменттик анализ) жабдуусунун жардамында кан аркылуу так жана бат диогноз коюлат. Мындай мүмкүнчүлүк Бишкек менен Ош шаарында гана түзүлдү. Алдыдагы жылдарда бардык облусту камсыздоо планы бар. Ошондо өлкө жарандарынын баары тест-системасы менен дартты аныктай алышат.

Эхинококкозду кан аркылуу аныктоо жаңырган жылы башталды. Сыноо иретиндеги текшерүүдөн 300 адам өттү. Алдыда дарыгерлер жаңы жабдык менен толук кандуу текшерүү жүргүзүүгө даяр. Оштогу санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан өлкөнүн түштүгүндөгү жарандар келип текшерилсе болот.

Жаңы жабдык Айыл чарба министрлигинин долбоорлору аркылуу  60 миң АКШ долларына алып келинген. Анын жардамы менен  киста түрүндө пайда болгон эхинококкоз даана так көрсөтүлөт. Ушул жылы жабдыктын эхинококкозду аныктай турган тест системасын сатып алышкан. Ар бир тест-система топтому 100 адамга жетет.

Эхинококкоз —өтө коркунучтуу дарт, өтүшүп кетсе майып болуп калуу ыктымалы жогору. Өкүнүчтүүсү өлүмгө да жеткирет. Илдет негизинен боорду жана өпкөнү бузат, эхинококкоз киста түрүндө пайда болуп, ал хирургиялык жол менен гана алынат.  Дарт  адам баласына ит аркылуу жугат. Тоолу аймактарда көп катталат. 2017-жылы Ош олбусунда 299 учур катталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген