“Ошэлектронун” кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты

«Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери Ноокат районунун жашоочусунан «электр энергиясын уурдагансың» деп 283 миң сом пара талап кылышкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Ошэлектр» ишканасынын текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору менен Ноокат РЭСтин жооптуу кызматкери талап кылынган сумманын 50 миң сомун алып жатып колго түштү.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү тергөө иши жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген