Ош: Жума намазга кайрадан тыюу салынышы мүмкүн

Бүгүн, 28-сентябрда Ош шаардык мэриясында жарандык коргонуу штабынын жыйыны өттү. Ага шаардык билим берүү башкармалыгы, СЭС, ӨКМ, курулуш башкармалыгы, шаардык оорукана жетекчилиги катышты.

Жыйындын жүрүшүндө элдерге түшүндүрүү иштери жакшы жетпей жаткандыгы жана тиешелүү кызматтар маани бербей койгондугу үчүн абал курчуп баштагандыгы айтылды.

Корогонуу штабынын жыйынында кабыл алынган чечимдер:

– Түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүшү зарыл.

– Ар бир жаран социалдык аралыкты милдеттүү түрдө сактоосу боюнча протокол түзүлөт.

– Тойлордогу чектөөлөр өз күчүндө калтырылат.

– Эгер кырдаал ушундай темп менен кете берсе, жума намаздарга тыюу салынат.

– Бүгүндөн тарта муниципалдык менчик башкармалыгы кафе-ресторандарды тыкыр текшерүүгө алат.

– Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында 380 орун экинчи толкунга даяр. Керектүү каражаттар 3 айга запаска алынган.

– Билим берүү тармагы кырдаал жакшы болсо, этап-этабы менен 5-класска чейин окууга уруксат берилет.

– Ар бир мекеме, ишканаларга залалсыздандыруучу өтмөктөр коюлуусу шарт.

– Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу өзгөчө кылдаттык менен иштөөсү зарыл.

– Борбордук базар кайрадан тыкыр тазалоого алынат. Азырынча дүйшөмбү күндөрү гана дезинфекцияланат.

– Бүгүн берилген тапшырмалар ушул жуманын бейшемби күнүнө чейин аткарылууга тийиш.

– Тартипке баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген