Ош: жол кырсыгынан жөө жүргүнчү каза болду

Бүгүн, 7-июнь күнү саат 7:00 чамасында Ош шаарынын А.Масалив көчөсүндө жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты.

Мерт кеткен аял “Жылдызча” балдар бакчасынан жолдун наркы бетине өтүп бара жаткан. Күбөлөрдүн бири: “катуу ылдамдыкта келген “Ниссан” унаасы жөө бара жаткан аялды сүздү. Жөө жүргүнчү андан ыргып барып, “Тойота Авенсис” унаасына урунду. Бакчадан чыккан аял 40 жашта болушу мүмкүн”, – деди.

Окуянын күбөлөрү маркум аял ошол бала бакчада иштей турганын айтууда.

“Буга чейин “Жылдызча” балдар бакчасынын жамааты жана  А. Масалиев көчөсүнүн жашоочулары аталган жолдо кырсык көп катталаарын айтып, ылдамдыкты азайтуучу дөңсөө (лежачий полицейский) коюп берүү өтүнүчү менен Ош шаардык мэриясына бир канча жолу кайрылып келгенбиз. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жолго ылдамдыкты азайтуучу тоскоолдук коюу эрежеге туура келбейт дешкен. Бул жолку кырсык да адам өлүмү менен коштолду”, –  деди Ош шаарынын тургуну А. Акунов.

Белгилей кетсек, А.Масалиев проспектисиндеги жол бир тараптуу болуп, унаалар жогорку ылдамдык менен жүрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген