Ош: жасалма АКШ долларын иштетип жүргөн жарандар кармалды

Ош шаарында 8 500 жасалма АКШ долларын пайдаланып жүргөн жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин маалымат кызматы кабарлады.

Шектүүлөр Оштогу лотерея оюн-зоок клубдарынын биринин администраторунун милицияга берген арызынын негизинде кармалган. Арызда белгисиз жарандар ири суммадагы лотерея алып, жасалма акча берип кетишкени жазылган. Жабырлануучу тарап кардар кеткенден кийин гана АКШ доллары жасалма экенин билген.

Иликтѳѳ-издѳѳ иштеринин натыйжасында 38 жаштагы мурда соттолгон Кара-Суу районунун тургуну жана 40 жаштагы жердеши Б.У. кармалды.

“Алар ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ аталган акчаны чындап эле уттуруп жиберишкендигин моюнуна алышты. Бирок, акчалардын жасалма экендигин билишпегенин, акчаны башка адамдан алышканын айтышууда”, – деп кабарлады Ош милициясы.

Учурда КРнын кылмыш кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүргүзүлүп жатат. Шектүүлѳрдүн кѳрсѳтмѳлѳрү текшерилет.

Ал эми Ош шаардык соту тарабынан бул кылмышка шектүү эки адамды тергѳѳ амалдары аяктаганга чейин абакта кармоого санкция берди.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz