Ош: жапалактыктар заводдун түтүнүнөн жабыркап жатышат

Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагындагылар темир иштетүүчү заводдон чыккан түтүндөн жабыркап жатканын айтышууда. Айрым учурда коюу түтүн үйлөргө чейин кирип, ден-соолукка зыяны тиет деп чочулашууда.

Жергиликтүү тургун Бактыгүл Юсупованын айтымында, уулу төрөлгөндөн баштап аллергия оорусу менен жабыркап келет. Дарыгерлер болсо ага экологиясы начар шартта жашап жаткандан улам болгондугун айтып келишет. Азыр баласы бир жарым жаштан ашса да дартты толук айыга элек.

Аймактагы “ОССО Hyundai” ишканасынын аткаруучу директору Чыңгыз Жолоновдун айтымында, ишкана оңдоп-түзөөдөн өтүп, тиешелүү талаптардын баары сакталган. Ал үчүн түтүндүү зыянсыздандыруучу атайын фильтирлер орнотулган. Анан да тиешелүү уруксат кагаздарынын баары толук экенин кошумчалашты.

Жапалак айыл аймагында темир заводдон сырткары кыш чыгаруучу эки завод иш жүргүзүп келет. Алар да жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жакын жайгашкан. Айрыкча кечкисин шамалдын багыты үйлөрдү каптап, түтүн турак жайлардындын ичине чейин кирип кетет.

Бирок заводдордун турак жайларга жакын жайгашкан дегенин Ош шаардык экотехинспекция кызматкерлери четке кагат. Аталган мекеменин башчысы Асанбек Мамраимовдун айтымында, завод менен үйлөрдүн аларыгы сакталган. Фильтирлер нормага жооп берип, зыянсыздандырылган түтүн адам ден-соолугуна олуттуу коркунучу жок.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген