Ош: “Жапалак” унаа базары мыйзамсыз иштеп жатабы?

Ош шаарындагы “Жапалак” унаа базары ай сайын 2 миллион 200 миң сом кымтып калат деген маалыматты айрым сайттар жазып чыкты.  Андагы маалыматта аталган унаа базардан ай сайын 2 млн 800 миң киреше түшүп, анын 600 миң сомун гана шаардык казынага төгөт, калганы кымырылып калат деп айтылат.

«Жапалак» унаа базары 2500 унаа токтотууга ылайыкталган. Бирок ишемби жана жекшемби күндөрү канча унаа кирип чыгаары тууралуу так маалымат жок. Базардын экономисти Миркасым Байказаковдун айтуусунда, ар бир унаанын кирип- чыгуусу тыкыр көзөмөлгө алынган.

“Кирген машиналарга квитанция брилет. Ар бир күнгө контролёр балдар бекитилген. Күнүгө кечинде администрациядан атайын текшерүү дайындалып, кирген унаалардын санына контролёр берген квитанциялар салыштырылат”,- дейт экономист.

Адистер берген маалыматка караганда, аптасына 2 күн базар болуп, жалпысынан 5 миңден ашык унаа тейленет. Ар бир автоунаа бир күнгө 70 сомдон 120 сомго чейин акча төлөйт. Аны орточо эсеп менен 5 миңге көбөйткөндө жумасына 465 миң сом киреше түшүп, бир айда 1 млн 860 миң сом пайда табат. Андан сырткары 38 соода-сатык кылуучу обьект бар. Алардан болсо ай сайын 92 миң сом түшөт. Ал эми унаа базардын адистери бир айда максимум 1,5 млн гана сом каражат түшөөрүн айтышат.

Жапалак унаа базары мурда ай сайын 1 миллион 200 миң сомдон шаардык казынага киреше алып келген деп айтылган. Базар жетекчилигинин көрсөткөн документтериндеги келишимдерге караганда 2013-жылдан 2017-жылга чейин ай сайын 504 миң 400 сом төгүп келген. Ал эми өткөн жылдан бери унаа коюучу жер акы көтөрүлгөндүктөн, учурда 604 миң 400 см каражат бөлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан да тастыкташты.

“”Жапалак” унаа базары муниципалдык базар болгондуктан, анын иштеп жаткандыгын, мыйзамдуулугун мэрия көзөмолгө алат. Жайылган маалыматтын негизинде текшерип көдүк. Буга чейин 1 млн 200 миң сом унаа базардан түшкөн эмес. Маалымат чындыкка коошпойт”,- деди Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Талантбек Канатбек уулу.

Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, 2015-жылы 8-ноябрда шаардык кеңештин атайын түзүлгөн комиссиялык курамы базардын ишмердиги менен таанышкан. Анда унаа башкармалыгы билдирген маалыматтан башка да далилдер чыккан дейт. Аны менен катар базарды узак мөөнөткө ижарага берүү керек, унаа толбой атат деген сунушун четке кагышкан. Эми ал жер электрондоштурулган системага өтүшү керек дешет экономистер.

Унаа базардын жетекчиси шаардык кеӊешке базардын 1 айлык киреше төлөмүн 400 миӊ сомго азайтып, аны бекитип берүү сунушу менен кайрылганын жалган деп билдирди. Анткени учурда унаалар базарга барбай, интернет, сайттар аркылуу сатыкка чыга баштаганы менен, алармандардын тандоосу базарда жүрөт дешет адистер.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген