Ош жана Жалал-Абадда ири өлчөмдө баңгизат сатууну көздөгөн жарандар кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жүрүп, афган түспөлүндөгү “гашиш”  баңгизатын өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 35 жаштагы И.А аттуу жаран кармалды.

Шектүүдөн кара куурай жыттанган өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү таңгактар салынган баштык алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 10 килограмм 195 граммды түзөт. Алынган баңгизаттардын “көмүскө базардагы”  баасы болжол менен 40 миң АКШ доллары турат.

Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттарды өзгөчө ири өлчөмдө  сатууну көздөгөн 37 жаштагы А.Д аттуу жаран кармалган. Анын унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда уксус ангидридиндей өзгөчө жыты бар баштык табылып алынган. Соттук-химиялык эскпертизанын жыйынтыгы менен жогорудагы баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 34 граммды түзгөн “героин” баңгизаты бар экендиги аныкталган.

Жалал-Абад облусунун аймагында марихуананы ири өлчөмдө сатууну көздөгөндөрдү кармоо боюнча дагы бир атайын операция жүргүзүлгөн. Анда Таш-Көмүр шаарынан ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга аракет кылган 23 жаштагы Т.Б. менен мурда соттолгон 43 жаштагы А.К. кармалган. Унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда 20 килограмм 816 грамм өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү каражат-марихуана салынган кап табылып алынган.

Азыркы учурда жогорудагы 3 факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген